Аткезчилик менен чет өлкөдөн келген жумуртка, жемдин кымбаттыгы – Кыргызстандагы тоок чарбаларынын жабылышына себеп болууда
Жумуртканы чет өлкөдөн аткезчилик менен ташып келүү, Украинадагы согушка байланыштуу Россиянын дан экспорттоого киргизген чектөөлөрү, буга байланыштуу тоок жеминин кескин кымбатташы, Кыргызстандагы айрым тоок чарбаларынын кирешесинин кескин кыскарышына жана алардын жабылышына алып келүүдө.
Тоок чарбалары тезинен зарыл чаралар көрүлбөсө, тоок этин жана жумуртканы сырттан сатып алуу көз карандылыгы ого бетер күчөй тургандыгын айткан, ишкер Нургүл Малабаева «Би-би-си» радиосуна жумуртка тууй турган тоокторду аргасыз сойдуруп жатканын билдирген.
«Тоют маселеси өтө курч турат. Бир тоок бир күндө 4-5 сомду жеп коет. Тоок күнүгө эле тууй бербейт. Санай келсек, өтө арзан сатып жатабыз. Бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз актабай калдык. Бул бүгүн эле эмес, январь айынан бери ушундай болуп жатат», – деген ал.
Ишкер айым аларды жарга такаган дагы бир жагдай – жумуртканы чет өлкөдөн аткезчилик менен ташып келүү дейт. Жемдин ичинен жүгөрүдөн башкасы сырттан ташылат. Украинадагы согуш, Россиянын дан сатууга киргизген чектөөлөрүнөн улам бул боюнча көйгөй күчөгөн.
Ал эми Айыл-чарба министрлиги аткезчилик менен ташылган жумурткалар тууралуу маалыматы бар экенин, ал боюнча учурда мыйзам даярдалып жатканын, парламент жайкы каникулга чыгып кеткиче макулдук алышаарын аталган радиого билдирген.