ЕРӨБ берген насыяга Боом капчыгайындагы 14 км темир жол линиялары жаңыланат
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) «Боом капчыгайындагы кыймылдуу курамды жана темир жол инфраструктурасын жаңылоо» долбоорун каржылайт.
Боом капчыгайындагы темир жол инфраструктурасын жаңылоо долбоору ЕРӨБ тарабынан «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыгууда.
Долбоордун алкагында, темир жолдун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө жер көчкүгө каршы тосмолорду куруу, универсалдуу жарым вагондорду сатып алуу, ошондой эле 14 чакырымга жакын темир жолду жаңылоо сыяктуу компоненттер каралган.
Бул долбоорду ишке ашырууну Транспорт министри Эркинбек Осоев ЕРӨБ КМШ жана Азия боюнча улук банкир Бахтиёр Файзиев жетектеген банк делегациясы менен талкуулады. Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү документтерди даярдоо жана тиешелүү процедуралардан өтүү боюнча биргелешкен иштерди тездетүүнү макулдашты.