Корея климаттык кризистерге чара көрүүгө КРга 5 млн доллар берүүнү карап жатат
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Климат жана айлана-чөйрө эл аралык борборунун (ICEC) Президенти Вон Тэ Юн мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар KOICA аркылуу 5 млн доллардан ашык суммадагы «КРдагы климаттык кризистерге чара көрүү башкаруу системасын түзүү жана потенциалды бекемдөө» гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча даярдык иштерин талкуулашты», – деп айтылат билдирүүдө.
Корея тараптын маалыматы боюнча, климаттын өзгөрүшүнө Кыргызстандын аярлуулугун эске алуу менен, долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча метеорологиялык жана экологиялык талдоо үчүн баштапкы маалыматтарды алуу, климаттык чөйрөнү баалоо ыкмаларын белгилөө жана климаттын өзгөрүшүнөн улам табигый кырсыктарга жана өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө каршы күрөшүү саясатын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Долбоор ошондой эле Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча тармакты түзүүгө негиз болуп, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү үчүн саясатты болжолдоо, баалоо жана иштеп чыгуу үчүн адистерди даярдайт.