Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө андан ары Германияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен окуу программасы сунушталды
КРнын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу кечээ, 16-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди.
Келишимге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен Программанын жетекчиси «Свобода ТОРСТЕНДИН» ортосунда кол коюлган.
«Келишимдин алкагында, КРнын жарандарына «медайымдык иш» адистиги боюнча КРда аккредиттелген окуу жайларында окуудан өтүп, андан ары Германияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү берилет. 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат», – деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында, тандоодон өткөн талапкерлер Германияда жумушка орношо алышат.
