«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 6.5 млрд сом төктү
2022-жылдын май айына карата Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6.5 млрд сом төктү, анын ичинен 4 млрд сому алтын сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 391 млн 576 миң сом төлөнүп, анын ичинен:
- Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 195 млн 788 миң сом
- Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 117 млн 473 сом
- Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 78 млн 315 миң сом бөлүнгөн.
Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 707 кызматкер иштейт:
- Бишкектен – 99 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 14%)
- башка аймактардан – 186 кызматкер (28%)
- Талас облусунан – 422 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 161 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).
