Эстониялык эксперт Кыргызстанда санариптештирүүнү жаштар аркылуу илгерилетип, региондорго көңүл бурууну сунуштайт
Кечээ, 17-майда DigiKonush долбоорунун алкагында «Эстониянын тажрыйбасында башкаруу реформаларында, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде санарип аспаптар» аттуу онлайн вебинар өттү.
Ал 9-май Европа күнүнө, ошондой эле, 17-май Электр байланыш жана маалыматтык коом дүйнөлүк күнүнө арналган.
Иш-чаранын спикери катары мамлекеттик секторду жетектөө, мамлекеттик башкаруунун реформалары жаатында өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча эл аралык адис Лаури Табур чакырылган. Вебинарга, ошондой эле, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын пилоттук жамааттарындагы ЖОЖдордун, ПТУнун өкүлдөрү, мектептердин мугалимдери жана студенттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Эксперт 90-жылдардын акырында башталган Эстониянын санарипштерүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын ичинде, «Жолборстун секириги» аттуу программага ылайык, негизги көңүл мектеп окуучулары жана жаштарга бурулуп, аларды жогорку ылдамдыктагы интернет жана компьютерлер менен камсыздоого басым коюлган. Каржылоо мамлекет тараптан банктар жана телекоммуникациялык уюмдар менен биргеликте ишке ашырылган болчу.
«Жада калса шаарлардын борборунда чатырча лагерлер турат эле, ар бир каалоочу ага келип, эч бир көндүмдөрү жок болсо дагы, компьютерлер менен иштечү», – дейт Табур.
Анын айтымында, жаштарга басым коюунун себеби – узак мөөнөттүү перспективада дал ушул муун санарип продуктулар киргизилген соң алардын активдүү жайылтуучулары болгонунда. Маселен, 2000-жылдардын башында электрондук мамлекеттик кызматтарды 10% эстондуктар колдонсо, учурда бул көрсөткүч 90%га өскөн.
Эксперт белгилеп кеткендей, санариптештирүүнү региондор менен бирдей алдыга жылдыруу керек. Учурда Эстонияда салык декларацияны толтуруу 3 мүнөткө жакын убакытты талап кылат, ал эми санарип кол тамгалар жыл сайын өлкө ИДПнын 2% үнөмдөйт. Эстониядагы акыркы парламенттик шайлоодо добуштардын үчтөн бир бөлүгү 110 мамлекеттен онлайн берилген.
Табур электрондук ич ара аракеттенүү коррупциялык тобокелдиктерди дагы төмөндөтөрүн белгилеп, «Компьютер пара албайт эмеспи», – деди.
Эске салсак, DigiKonush долбоорунун алкагында Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын алыскы райондорунун жашоочулары үчүн санарип көндүмдөр боюнча окуулар өткөрүлдү. Мындан тышкары, белгилүү кыргызстандык ICT-адистер бул көндүмдөрдү андан ары жайылтуу максатында апрелде аларга өздүк электрондук курстарды түзүүнү үйрөткөн.
DigiKonush – санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу долбоору «Лидер» жарандык демилгелер борбору тарабынан, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Ал айыл жергелеринде жашаган аялдардын жана жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууну, айылдар менен шаарлар ортосунда санариптик ажырымды төмөндөтүунү көздөйт.