Кыргызстан россиялыктар жайында эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди
OneTwoTrip туристтик кызматы Кыргызстан россиялыктар жайкы эс алууну пландаган алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин маалымдады.
Аталган сервистин адистери 2022-жылдын июнь, июль жана август айларына карата россиялыктардын алдын ала мейманканаларды ээлөө маалыматтарын талдап чыгышкан.
«Чет мамлекеттердин ичинен Армения, Түркия жана Кыргызстан эң көп суроо-талапка ээ. Сурамжылоого катышкандардын 14.5%ы Кыргызстанга – Ысык-Көлгө барууну каалашат», – деп билдирген портал.