Ош шаарында таза суу көйгөйү курч турат – АӨБ берген 3 млн долларды бийлик бербей келет

Ош шаарында таза суу көйгөйү курч турат – АӨБ берген 3 млн долларды бийлик бербей келет

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош шаарында таза суу көйгөйү курч турганын, бир аз себелеп жааган жамгырдан эле шаар калкы таза суусуз калып жатканын айтты.

Анын айтымында, Ош шаарындагы таза суу маселеси боюнча жергиликтүү бийлик долбоорлорду толугу менен даярдаган жана ал долбоорду ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш 3 млн долларлык документти ратификациядан өткөргөн.

«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каралган 3 млн доллар акча мамлекеттик казынада турат. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы же ал долбоорду өзүнө ыйгарып алууну көздөп жатышабы? Эмне үчүн акчаны казынада кармап турушат? Шаар эли аябай тынчсызданып жатат. Бардык нерсенин чеги болот, менин оюм боюнча, таза суу маселеси да чегине жетти. Мамлекет деген бар да, Ош шаарына көңүл буруш керек. Эл митингге чыкканга чейин алдын алдын алууну өтүнөм», – деди депутат.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда колдонулган автоунаа катализаторлорун, ошондой эле алардын курамындагы асыл металлдар камтылган күл жана калдыктарды өлкөдөн чыгарууга алты айлык убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле автоунаалардын түтүнү аркылуу атмосферанын булганышын азайтууга багытталган. Бийлик өкүлдөрү бул чектөө

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев көчөсүнө

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр