Улуттук банк: Европадан жөнөтүлгөн акчаларды КРда жарандар евро же доллар менен ала алат – комбанктарга эскертүү берилди
Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын алкагында Европа өлкөлөрүнөн КРга акча которууларды жөнөтүүдө еврону АКШ долларына конвертациялоо боюнча эч кандай талаптарды киргизген эмес. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Улуттук банктын реестринде катталган эл аралык акча которуу системаларынын операторлору, ошондой эле эл аралык акча которуу системаларынын катышуучулары катары коммерциялык банктар, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген КРда акча которуулар системаcы боюнча акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелеринин талаптарын сактоого тийиш.
«Ria» эл аралык системасынын операторунун (Улуттук банктын реестринде катталган) маалыматына ылайык, Европадагы же башка мамлекеттеги кардарлар КРда өзүнүн которгон акчасын алуу үчүн евро же доллар валютасын тандай алышат. Адатта, Европадагы жөнөтүүчүлөр еврону алуучу валюта катары тандашат.
Эгерде жөнөтүүчү долларды тандаган болсо, система акчаны евродон долларга автоматтык түрдө которот жана алмашуу курсу жөнөтүүчүнүн квитанциясында милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек, ага кардар кол коёт», – деп эскертет Улуттук банк.
Ошондой эле Улуттук банк Акча которуу эрежелерине киргизилген убактылуу өзгөртүүлөргө ылайык, эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акча КРнын аймагында алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында гана же улуттук валюта сом менен берилерин билдирет.
Эгерде улуттук валютасы евро болгон Европа мамлекетинен акча которуу жөнөтүлсө, анда КРда алуучу акча которууну евро менен алат. Эгерде акча которуу евро же АКШ доллары улуттук валюта болуп саналбаган өлкөлөрдөн келсе, анда Акча которуу эрежелерине ылайык, алуучу акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн улуттук валютасында (эгерде КРнын бул өлкөлөрдүн банктары менен корреспонденттик байланышы бар болсо) же кыргыз банкы тарабынан белгиленген курс боюнча кыргыз сому менен (кардарга алдын ала билдирүү менен) алат.
Улуттук банк Акча которуу эрежелерине киргизилген мындай убактылуу өзгөртүүлөр КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана КРнын чегинен тышкары накталай доллардын чет өлкөгө чыгып кетишинин жагымсыз кесепеттерин азайтуу максатында кабыл алынгандыгын билдирет.
Аны менен катар, Улуттук банк Европа жана башка өлкөлөрдүн аймагында болуп жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир талаптар/чектөөлөр киргизилиши мүмкүндүгүн белгилейт.
Эскерте кетсек, Италиядагы кыргыз атуулдары бийликке талап коюп, кайрылуу жолдошкон. Алар которулган акча евро менен эмес доллар менен берилип жатканына нааразы болушкан болчу.