2021-жылы калктын реалдуу орточо акчалай кирешеси 6267 сомду түзгөн – бул жашоо минимумунан да төмөн
Калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери 2021-жылы айына 6 267.8 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сом болгон.
КРнын калкынын номиналдык акчалай кирешелери болсо, 2021-жылы 541.8 млрд сомду түздү. Муну менен катар 2021-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 484.1 млрд сомду түзгөн жана өткөн жылга салыштырмалуу 7.1%га га өскөн.
Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча 2021-жылы айына 6 647.8 сомду түздү жана 2020-жылга салыштырмалуу 18.2%га өстү.