KOICA Ысык-Көлдүн дыйкандарына айыл чарба жабдыктарын тапшырды
Кореянын KOICA агенттиги КРда «Органикалык айыл чарба жаатындагы саясатты иш жүзүнө ашырууну колдоо жана дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу» долбоорунун алкагында, Ысык-Көлдүн дыйкандарына колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Kyrgyz Organic билдирди.
Аталган агенттик Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка (Ak-Suu Organic, Темирлан АгроСервис), Маман (Maman Organic) жана Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор (Tosor Organic) айылдарындагы кооперативдердин Кызматтык Топторуна айыл чарба жабдыктарын (мотоблоктор, фрезер, соко, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын чачкычтар жана дыйкандардын талаа шартындагы жумуштарына адистештирилген кийимдер) тапшырды.
Белгилей кетсек, долбоор 2019-жылдан 2023-жылга чейин аткарылат.