КР менен Венгрия үрөн өстүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту
17-майда Мартонвашар шаарында КР менен Венгриянын үрөн өстүрүүчүлөр Ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган макулдашууга кыргыз тараптан Кыргызстандын үрөн өстүрүүчүлөр Ассоциациясынын президенти Абдухаким Исламов, Венгрия тараптан да үрөн өстүрүүчүлөр Ассоциациясынын президенти Такач Геза кол коюшкан.
Макулдашууга кол коюу аземине Венгриянын Айыл чарба министри Иштван Надь, КРнын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков жана ФАО өкүлдөрү катышкан.
«Министр Иштван Надь өз сөзүндө Венгриянын үрөн өндүрүүчүлөрү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык модификациясын колдонбой, салттуу селекция аркылуу өсүмдүктөрдүн сортторун жакшыртууну улантып жатканын баса белгиледи. Келишимге кол коюу эки өлкөлөрдүн ортосундагы айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат – деп айтылат билдирүүдө.
