Саламаттык сактоо министрлиги 111 менчик медициналык борборду жабат
Лицензия талаптарына жооп бербеген 111 менчик медициналык борбор жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Республика боюнча бардыгы болуп 370 клиника/кабинет текшерилген.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлүп жаткан медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура келбегендиги боюнча 111 мекемеге жабуу актысы түзүлгөн.
Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинеттер менен клиникалар аныкталган. Аларга билдирмелер берилген. Андан кийин мыйзамдык чараларды колдонуп, айып пул салуу үчүн Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалыматтар бериле турганы айтылды.
Буга чейин министрлик Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.