Улуттук банк рыноктон долларды сатып ала баштады – 6 млн долларга интервенция жүргүздү
Кечээ, 18-майда Улуттук банк рыноктон 6 млн долларды сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.
Долларды сатып алуу боюнча интервенциянын толук көлөмү бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен ишке ашырылган.
Белгилей кетсек, быйыл бул Улуттук банктын АКШ долларын сатып алуу боюнча үчүнчү интервенциясы. Буга чейин регулятор 30-31-мартта чет элдик валютаны сатып алган болчу.
Жыл башынан бери өскөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн АКШ долларын рынокко сатуу боюнча беш интервенция жүргүзүлгөн. Алар 12-27-январда, 24-февралда, 4-10-мартта ишке ашырылган.
Белгилей кетсек, Улуттук банк интервенцияны ички валюта рыногундагы доллардын курсун текшилөө максатында жүргүзөт.