Улуттук банк жүргүзгөн интервенциядан улам доллар көтөрүлүшү мүмкүн – мартта ушундай болгон
Улуттук банк кечээ, 18-майда рыноктон 6 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.
Бул Улуттук банктын АКШ долларын сатып алуу боюнча үчүнчү интервенциясы. Буга чейин регулятор 30-31-мартта долларды сатып алган болчу.
Economist.kg басылмасынын талдоосуна ылайык, Улуттук банктын март айында жүргүзгөн интервенциясынан 3 күндөн кийин доллар 80-82 сомдон 85-86.5 сомго чейин, ал эми бир жумадан кийин 88-89 сомго чейин көтөрүлгөн болчу.
Бирок белгилей кетчү жагдай, марттагы жүргүзүлгөн интервенциянын көлөмү кечээги интервенцияга салыштырмалуу алда канча чоң болчу. Анда КР Улуттук банкы базардан эки күндүн ичинде 19.9 млн доллар сатып алса, кечээги интервенцияда андан үч эсе аз – 6 млн доллар сатып алды.
Кечээки интервенция доллардын курсунун өсүшүнө таасир этеби, азырынча белгисиз.

