Бишкектен Баткенге аба каттамдардын саны жумасына эки жолу болот – июнь айынан тарта Жалал-Абадга каттамдар көбөйөт
Кыргызстандык TezJet авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге каттамдардын санын жумасына бирден экиге көбөйттү. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин жарандык авиация департаментинен билдиришти.
Июнь айынан тарта бул авиакомпания Жалал-Абадга да каттамдардын санын көбөйтүүнү пландап жатканын министрликтен кошумчалашты.
Ведомство ошондой эле россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын авиакомпаниялары учпаган багыттардан Кыргызстанга жүк-200дү бекер ташып келүү боюнча келишим түзүшкөнүн билдиришти.