Донорлор COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан ишканаларга 72 млн доллар бөлдү – насыя пайызсыз берилет
КР Финансы министрлиги донор уюмдар COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан ишканаларга 72 млн доллар бөлгөнүн жана ал 1.5 жылга пайызсыз берилерин билдирди.
«Ишканаларды колдоо үчүн Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банктын колдоосу менен Финансы министрлиги COVID-19 пандемиясынын учурунда зыян тарткан ишканаларга жалпы суммасы 72 млн долларлык колдоо көрсөтөт», – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле аталган каржылык жардам насыя түрүндө 1.5 жылга 11 коммерциялык банк тарабынан пайызсыз берилмекчи.
Аталган насыяны кантип, кандай шарттарда, кайсы банктардан алуу тууралуу бул шилтемеден таанышууга болот.