Январь-апрель айларында өндүрүштө мунай азыктарынын жана жыгач буюмдарынын өсүшү байкалды
Январь-апрель айларында өнөр жай мунай продуктуларынын, жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфия ишинин эсебинен өскөнү байкалган. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
Өнөр жайда өсүш мунай продуктуларын (24.3%), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишин (25.8%), фармацевтика продукциясын (12.3%), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынган.
Машиналарды жана жабдууларды кошпогондо (32%), тамак-аш продуктыларынан (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарынан (10.1%), пайдалуу кендер 2.9%га өскөн.
2022-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 22.7 млрд сомду түзүп, 0.6%га жогорулаган.
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2022-жылдын январь-апрель айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 22.6 млрд сомду түзүп, ИДПнын 4.6%ын түзгөн.