«Дастан» ТНК ААК мамлекетке 18.7 млн сом өлчөмүндө дивиденд төлөйт
«Дастан» ТНК ААК (мамлекеттик үлүшү 98.46%) 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлерине 19 млн сомдон дивиденд төлөйт. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Белгилүү болгондой, 27-апрелде өткөн «Дастан» ТНКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгында, дивиденддерди төлөөгө 19 млн сомдон бир аз көбүрөөк каражат бөлүү чечими кабыл алынган.
Ошондой эле бир акцияганын дивиденди 1.9 сомду түзөт. Ал эми мамлекет ири акционер катары 18.7 млн сом алат. Төлөө күнү үстүбүздөгү жылдын 20-августуна белгиленген.