Июль айынан тартып Бишкектен Жалал-Абадга аба каттамдары күн сайын аткарылат
Ата мекендик TezJet авиакомпаниясы 1-июлдан тарта Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча күн сайын каттамдарды аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек – Исфана – Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.
«TEZ JET» авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат. «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат. «Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат (өтүнмө каттын негизинде).