Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Министр Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен таанышкан. Ошондой эле курулушчулар менен долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычы, плотинанын кирме жолунун тазаланышы жана курулуш иштери жөнүндө сүйлөшкөн.
«Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес.
Андан сырткары, бул ГЭС менен биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдик натыйжага ээ болуп, мигранттар жумуш орундары менен камсыз болуп, бүтүндөй бир чоң топтун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөөрүн белгилеп кетким келет», – деди Бекмурзаев.
Эскерте кетсек, ал «Камбар Ата-1» ГЭСинин курулушу жайында башталаарын жана иштин башталышына 20 млн доллар учурда мамлекетте бар экенин айткан эле.
25-январда Кыргызстанда жана коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясы масштабдуу өчүрүлгөндөн кийин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуштун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 418 млн доллар керектелээрин, дээрлик 18.8 млн доллар капиталдык салымдарга – инфраструктураны курууга жана курулушту баштоону даярдоого каралганын айткан эле.
Кабинеттин башчысы курулуш республикалык бюджеттин жана инвестициянын эсебинен пландалып жатканын кошумчалаган. Казакстан менен Өзбекстан да долбоорго катышууга даяр экендиктерин билдиришкен. Ошондой эле Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Камбар-Ата ГЭС-1ди Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте курушу мүмкүн экендигин айткан эле.