Казакстандан аткезчилик жол менен тонналаган күйүүчү май «Кең-Булуң» аркылуу ташылууда
Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң» өткөрүү пунктунун жанына кайрадан жүздөгөн жүк ташуучу унаалар топтолуп, чек арадан өтө албай турушат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына айдоочулар билдиришти.
Узун чакырымга тизилген кезектин бирден-бир себеби, «Кара-Суу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан жүктөрү жок жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салынып, алар өткөрүү мүмкүнчүлүгү төмөн «Кең-Булуңга» жөнөтүлгөн. Мындан улам жүк ташуучу унаалар трассанын боюнда тизилип, суткалап кезекте турушат.
Бирок жук ташуучу автоунаалардын топтолушунун себеби жалгыз эле бул эмес. Айдоочулар ошондой эле күндүз «Кең-Булуңдан» контрабандалык күйүүчү-майлоочу май ташыган унаалар көп өткөрүлүп жатканын айтышууда.
«Күн сайын Казакстандан аткезчилик жол менен бензин, дизель майын ташыган унаалар өтүп жатат. Кээ бирлери аны ушул жерде эле өткөрүү пунктунун алдында канистрлерде сатышат», – деп билдиришти айдоочулар.
Айдоочулардын айтымында, «Кең-Булуңга» кирген жеңил унаалардын дээрлик бардыгы контрабандалык жүк ташыйт. Негизинен булар «минивэндер» жана «вагондор», анткени алардын отургучтарын чечип, көбүрөөк канистрлерди коюуга болот.
Жүк ташуучу унаалар да аткезчилик жол менен КММ ташыйт, бирок чоң унаалар көп каттабайт, бирок каттаганда бир убакта бир тоннадан ашык күйүүчү май ташып коюшат.
«Жүк ташыган унаалар чиркегичи жок жүрүп, КММди бактарга салып ташышат. Эки бакка 1.2 тоннага чейин дизель майы куюлат», – дешет күбөлөр.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 62.9 сом, дизель майы 63.5 сомдон сатылууда. Казакстанда АИ-92 болжол менен 33 сом, дизель майы 42.7 сом турат.




