Курулуш тармагы 2.9%га өстү – өткөн жылы 18%га төмөндөп кеткен
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 22.6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.9%га өстү. Мындай маалыматты Экономика министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, 2021-жылдын январь-апрель айларында курулуш тармагы 17.7% төмөндөп кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча курулуш тармагынын үлүшү ИДПнын 4.6%ын түзгөн.
Экономика министрлиги ошондой эле 2022-жылдын январь-апрель айларында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициянын көлөмү 22.7 млрд сомду түзүп, 0.6%га өскөнүн белгиледи. Өткөн жылдын ушул мезгилине карата 18.6%га төмөндөө катталган.