ТИМде Дональд Лу менен санкциялардын КРнын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтууну талкуулашты
Бүгүн, 23-майда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Лу КРда Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында келди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты.
«Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды.«С5+1» платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди», – деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташташкан.


