Өткөн жылы Кыргызстан 443 тонна бал экспорттогон – жылына 2300 тонна өндүрүлөт
Өткөн жылы Кыргызстан 443 тонна бал экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Улуттук статистикалык комитеттин 2021-жылдардын аягына карата маалыматы боюнча аары бүлөсүнүн саны 149 миң 127 түзүп, былтыркы жылга салыштырганда 9 719 аары бүлөөсүнө көп.
«Ал эми өткөн жылдагы кургакчылык мезгилине карабастан бал өндүрүү 2382 тоннаны түзүп, анын ичинен 443 тонна экспорттолгон. Бул өсүү динамикасы бал челекчилердин жана аны менен бирге аары бүлөөсүнүн көбүшүнө байланыштуу.
Кыргызстандан бал продукциясы Кытай, Катар, Кувейт, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Россия жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот. «Кыргыз балы» бренд болуп башка өлкөлөргө таанылышына биздин балчылардын салымы чоң», – дейт министр.
Ошондой эле ал учурда Айыл чарба министрлиги «КРнын аарчылык жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлүүсү каралып жатканын кошумчалады. Бул мыйзам мамлекеттик политикасынын негизги принциптерин жана аарчылык чөйрөсүндөгү аарычылардын укугун коргоо, бал аарычылыгынын азыктылуугун өндүрүүдө, бал аарыларын коргоодо жана аарычылык чөйрөсүндөгү иш аракеттердин ишин жеңилдетмекчи.
Республика боюнча бир аары үй-бүлөсүнөн алынган товардык балдын орточо түшүмү орто эсеп менен 30-50 кг чейин жетип, жалпы чогултулган балдын дээрлик 75%ын жогорку сапаттагы тоо балы, калганы – 25%ын ар кандай бал өсүмдүк балы түзөт.
Республика боюнча бир кишиге балдын жылдык керектөөсү 0.4 кг.