2022-жылдын биринчи кварталында кыргызстандыктар 8.8 млрд сом суммасында кредит алышкан – көлөмү 3.4%га көп
Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8.8 млрд сом суммасында кредиттер берилген. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.
Ал эми алуучулардын саны 152 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9.8%га азайган, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче, 3.4%га көбөйгөн.
Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 25% жакыны) жана Жалал-Абад облустарына (15%), ошондой эле Бишкек шаарына (15%) туура келген.
Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1.9 млрд сому же 21%), Бишкек шаары (1.6 млрд сом же 18%), Чүй (1.3 млрд сом же 15%) жана Жалал-Абад облустарынын (1.2 млрд сом же 13.5%) алуучуларына берилди.
Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 39% жакыны – керектөөчүлүк муктаждыктарга, 31% – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12.5%, курулушка – 6%ды түздү.

