Июнь айында Үрүмчү – Бишкек аба каттамы жанданат
Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багытындагы үзгүлтүксүз аба каттамдары июнь айында жанданат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылаарын билдирди.
Ошондой эле ведомстводон авиакаттамды кайра жандандыруу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин ортосундагы макулдашуулардын аркасында мүмкүн болгонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кытайга аба каттамдары 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учураган болчу.
Пандемияга чейин China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү –Бишкек – Үрүмчү багытында үзгүлтүксүз аба каттамын аткарып келген.