ОКӨФ жаңы ачылган «Маткасым» заводуна жабдууларды сатып алууга каражат берди
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) жаңы ачылган «Маткасым» заводуна жабдууларды сатып алууга каражат берди. Бул тууралуу ишкананын ачылыш аземинде ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдиргенин фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Новиковдун айтымында, «Маткасым» жаңы заводуна насыя «Коммерциялык банктар аркылуу чакан жана орто бизнести насыялоо» программасынын алкагында берилген. Бул каражаттар өндүрүш процессинин алкагында жабдууларды жана өндүрүш линияларын сатып алууга жумшалган.
«Бул долбоорду ишке ашырууда эл аралык өнүктүрүү институттарынын синергиясын баса белгилей кетүү маанилүү: бул учурда ОКӨФ Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен өнөктөштүктө иш алып барды, ал компанияны эң көп өнүккөн жана тез өнүгүп жаткан ишканалардын программасына киргизди», –деди ОКӨФтүн жетекчиси.
Фонддун ишкерлер менен биргеликте жасап жаткан ишинин натыйжасын көрүү дайыма ырахат тартуулайт. Биз келишимдерди гана түзбөстөн, жандуу долбоорлор кандайча ишке киргенин көрүп жатабыз. Бул долбоордо 2016-жылы гаражда жөнөкөй буюмдарды чыгаруудан баштап, компанияны башкарууга жаңыча мамилени көрсөтүп, алты жылдын ичинде экинчи заводду ача алышкан жаш ишкерлердин чоң потенциалын белгилеп кетүү өзгөчө жагымдуу. Кыргыз бренддеринин продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн биргелешип чоң максаттарга жетишип, өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрө алабыз», – деди Новиков.