Бишкекте казиного каршы митингге чыккандар президенттен мыйзам долбооруна вето коюуну суранышты

Бишкекте казиного каршы митингге чыккандар президенттен мыйзам долбооруна вето коюуну суранышты

Кыргызстанда бүгүн, 24-июнда, Горький атындагы скверде кумар оюндарын легалдаштыруу боюнча кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна каршы дагы бир акция өткөнүн “Азаттык радиосу” билдирди.

Акциянын катышуучулары мыйзам долбоорунун парламент тарабынан кабыл алынышын мыйзамсыз деп таап, добуш берүү учурунда депутаттар тарабынан регламент бузулганын белгилешти.

Казино ачууга каршы болгондор президент Садыр Жапаровго мыйзам долбооруна вето коюу чакырыгы менен кайрылышкан.

«Сиз кол койсоңуз, миң эненин көз жашы төгүлөт, миңдеген үй-бүлөлөр талкаланат. Бул мыйзам долбоорун Конституцияга каршы келет деп таануу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы жатабыз», – деди митингчилердин бири Акжолтой Тукунов.

Казино ачууга каршы дагы бир жаран Азат Аманов мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтпөгөнүн, жарандарга өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилбегенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт. Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи. Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу