«РСК Банк» 1 млрд сомго кошумча капиталдаштырылат
«РСК Банк» ААКсынын (мамлекеттин үлүшү 100%) акционерлери 1 млрд сомдук кошумча акцияларды чыгарып, финансы-кредиттик мекеменин уставдык капиталын көбөйтүүнү чечишти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФР) сайтында маалым болду.
1 млрд сомго кошумча капиталдаштыруу чечими 20-июндагы акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.
Маалым болгондой, номиналдык баасы 500 сомго барабар жөнөкөй акциялар 2 млн нускада кагазсыз формада чыгарылат.
Акциялардын кошумча эмиссиясы жайгаштырылгандан кийин “РСК Банктын” уставдык капиталы 7 млрд 79 млн сомго жетет.