Сапар Исаков: мүлктү легалдаштыруу мыйзамы Матраимовдорго уурдалган мүлкүнүн баарын мыйзамдаштырууга жардам берет

Сапар Исаков: мүлктү легалдаштыруу мыйзамы Матраимовдорго уурдалган мүлкүнүн баарын мыйзамдаштырууга жардам берет

Экс-премьер-министр Сапар Исаков мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун шерменделик деп атап, демилге Матраимовдорго жана башкалардын баарына мыйзамсыз алынган акчаларды жана үйлөрдү мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет деп айтты. Ал кайрылуусун адвокаты Замир Жоошев аркылуу билдирди.

Исаков Москвада ресторан куруп жатат деген ушак коомдо пайда болгону жөнүндө айта кетти.

«Ошол эле учурда премьер-министр Акылбек Жапаров мага карата соттун чечимдерин эстептир, мени да кандайдыр бир мүлктөрдү мыйзамдаштырып алат деп кооптонду окшойт. Жапаровду ишендиргим келет: мага алардын мыйзамын колдонуу кереги жок, анткени менде ресторандар, клиникалар же базарлар жок жана эч качан болгон эмес», — деп айтылат кайрылууда.

Экс-премьер-министр азыркы бийлик өкүлдөрүнүн мүлкү болушу мүмкүн экенин белгилеп, алардын кайдан келип чыкканы жөнүндө суроо берди.

«Акылбек Жапаровдун эмнеси бар, кандай мейманканалары, үйлөрү жана башкалары бар экенин бүт өлкө билет. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, кантип жеке мейманканага ээлик кыла алат? Мага калыс сот болбойт, жакында УКМКнын СИЗОсундагы өлүмдөрдөн кийин менин азыр сотко келе албасымды баары түшүнүп жатат деп ойлойм», — деп жазган Исаков.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт. Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи. Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу