Сауд Арабиясынын айыл чарба министри менен Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Сауд Арабиясынын айыл чарба министри менен Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

20-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эр-Риядда Сауд Арабиясынын айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эл аралык күн тартибинин маанилүү аспектилери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризис боюнча пикир алышышты.

Кулубаев өз кезегинде кыргыз тарап Сауд Арабиясына ата мекендик продукцияны экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөгө тең пайдалуу биргелешкен долбоорлорго күч-аракетин жумшап, дайыма байланышта болууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт. Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи. Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу