Ысык-Көлдө 300 млн доллардык күн электр станциясы курула баштады

Ысык-Көлдө 300 млн доллардык күн электр станциясы курула баштады

Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВ, инвестициясы 300 млн долларга барабар күн электр станциясынын курулушу башталды. 21-июнда курулушка капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү, деп билдирди Казакстан элчилигинин басма сөз кызматы.

Буга чейин кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген казакстандык «ТехноГруппСервис» ЖЧШ инжиниринг компаниясы кыргызстандык «Бишкек Солар» компаниясы үчүн күн электр станциясын жана электр энергиясын өндүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны курары белгилүү болгон.

Кубаттуулугу 50 МВт күн станциясын куруу боюнча долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) жана казакстандык AIFC Green Finance Centre Ltd компаниясынан каражаттар тартылууда.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө бул долбоор “жашыл” энергетика тармагында казак-кыргыз кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөргө бийик экологиялык стандарттарга жараша энергия менен камсыздоо маселелерин биргелешип чечүүгө жардам берерин белгиледи.

«Бул долбоорду ишке ашыруу жашыл энергетикага мындан ары инвестиция тартууга, өлкөлөрүбүздүн күн жана шамал потенциалын натыйжалуу пайдаланууга түрткү берет», – деп кошумчалады Жошыбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт. Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи. Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу