Зергерчилик бизнесинин өкүлдөрү ККМге каршы митингге чыгышты
Зергерчилик бизнесинин өкүлдөрү бүгүн, 24-июнда, Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтка ККМ орнотууга каршы митингге чыгышты, деп билдирет 24.kg.
«Биз кассалык аппараттарды орнотууга каршы чыгып, патентти калтырууну талап кылып жатабыз. Биз патенттин баасын көтөрүүгө каршы эмеспиз. Азыр 2800 сом турат, 5-6 миң кылышсын, макул. Өлкөдө 1.5-2 миң зергерчилер иштейбиз. Бизде акча көп айланат, бирок киреше аз, анткени алтын кымбат. Жылына 8 млн сомдук босого жана кассалык аппараттар менен биз жөн гана иштей албай калабыз”, – дейт акциянын катышуучусу Анара Аширбаева.
Катышуучулар мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бизнес четте калып калганын, ишкерлердин пикирине эч ким кулак салбаганын белгилешти.