Бишкектин жаңы түндүк айланма жолунун долбоорун Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы иштеп чыгат

Бишкектин жаңы түндүк айланма жолунун долбоорун Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы иштеп чыгат

Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы (CRBC) Бишкектин жаңы түндүк айланма жолун куруу долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 24-июнда Транспорт министрлиги менен CRBC ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

Бул келишимдин алкагында CRBC «Бишкек шаарын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланма түндүк автожолун реконструкциялоо» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдайт.

Ошондой эле, келишимдин шарттарына ылайык, CRBC каржылоо боюнча консультациялык иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жаңы жолдун трассасынын боюндагы жерлерди алуу жана жылдыруу боюнча алдын ала изилдөө жүргүзүүгө милдеттенет.

Инвестициялык алкактык макулдашууга транспорт министри Эркинбек Осоев менен Кытайдын жол жана көпүрө куруу корпорациясынын (CRBC) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян кол коюшту.

Эскерте кетсек, апрель айында министрдин орун басары Таабалды Тиллаев: “Оңдоо иштерине 150 млн доллар керектелет. Чүй облусундагы айланма жолдун узундугу МАИ постунан Кеминге чейин 105 км түзөт. Ал реконструкциядан кийин гана төлөнө турган жол болот. Маршрут эл аралык стандарттарга жооп берет”, – деп айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт. Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи. Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу