Жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин үй-бүлөлүк бизнес салык төлөөдөн бошотулат

Жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин үй-бүлөлүк бизнес салык төлөөдөн бошотулат

Министрлер кабинети жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин болгон үй-бүлөлүк бизнестерди салык төлөөдөн бошотууга убада берди. КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүү боюнча сунуштарды талкуулаган жумушчу топтун отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу минкаб басма сөз кызматы билдирди.

Чогулуштун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, анын арасында үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик менен алектенген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө министрлер кабинети белгиледи.

Акыркы жыйында Экономика министрлигинин, Салык кызматынын кызматкерлеринин жана контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы болгон ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан жумушчу топтун сунуштары талкууланды.

Министрлер кабинетинде айтылгандай, ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды, анткени алардын көпчүлүгү кассалык машиналар менен иштөөнү түшүнбөй жатканын моюнга алышты. Ошону менен бирге министрлер кабинетинин башчысы алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктыларын сатуу менен алектенген ишкерлер контролдук-кассалык аппараттарды сөзсүз түрдө колдонуп, сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактуралары болушу керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда Жапаров ишкерлерге ККМ киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрүн айтты. Ошол эле учурда салыктарды төлөө Кыргызстандын ар бир жаранынын конституциялык милдети болуп саналат.

Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтүп, анда бизнестин башка категориялары талкууланып, ал үчүн кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркынын аркан жолу менен көтөрүлүү баасы 600 сом

Ала-Арча паркындагы аркан жолу 21-февралдан тарта иштей баштарын журналисттерге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, жогору көтөрүлүүнүн баасы 600 сомду түзөт. Каныбек Туманбаев аркан жолунун уландысын куруу иштери жакынкы аралыкта башталарын кошумчалады. Жалпысынан капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 70 млн доллар жумшалганын белгиледи. Ошондой эле ал май айында беш жылдыздуу