29 июль – 7-август күндөрү Кусеин Көлбаев туннели убактылуу жабылып турат - Транспорт министрлиги эскертет

29 июль – 7-август күндөрү Кусеин Көлбаев туннели убактылуу жабылып турат - Транспорт министрлиги эскертет

2022-жылдын 29 июль – 7-август күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, Кусеин Көлбаев атындагы туннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилерин Транспорт министрлиги кайрадан эскертет.

“29 июль – 7 август күндөрү саат 4:00 дөн 6:00 гө чейин, саат 08:00дөн 10:00 гө чейин жана 12:00дөн 14:00гө чейин жабылат. Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери ушул мезгилде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Кыргызстанда жаңы мамлекеттик медиа бирикме — "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү мамлекеттик мекемеси түзүлүп, тийиштүү чечимге МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, токтом президенттин "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Бул чечим

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.