Коомдук жайларга жарым жылда 2.1 миң видеокамера орнотулду

Коомдук жайларга жарым жылда 2.1 миң видеокамера орнотулду

Санариптештирүү ишмердигин өнүктүрүү үчүн өлкөнүн коомдук жайларына 2 миң 141 видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу ИИМ 2022-жылдын 6 ай ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктап жатып билдирди.

“Анын ичинен, 200 видеокамера аркылуу ИИМдин Ыкчам башкаруу борбору өлкөдөгү криминогендик абалды онлайн көзөмөлдөөдө. Жыл аягына чейин жалпы 241 видеокамераларын кошуу мерчемделген”, – деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министринин орун басары Адыл Бийбосунов баяндама жасап жатып, милициянын элге жакын болушун камсыздоо, калк арасындагы көйгөйлөрдү жеринде кабыл алуу жана чечүү, тиешелүү жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн 57 милициянын көчмө кабылдамалары иш алып барып жатканын айтты.

Милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу, керек болгон учурда операторлор аркылуу тез арада жардам жөнөтүү, мыйзам бузууларды видефиксациялоо жана кызматкерлер арасында коррупциялык көрнүнүштөргө бөгөт коюу максатында, 24 даана боди-камералар сервердик жабдыгы менен алынып, Бишкек шаарынын милициянын участкалык уполномоченныйларына таратылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Кыргызстанда жаңы мамлекеттик медиа бирикме — "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү мамлекеттик мекемеси түзүлүп, тийиштүү чечимге МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, токтом президенттин "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Бул чечим

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.