Мамлекеттик ишканалар 7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик ишканалар 7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик ишканалардын (акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын) жалпы таза кирешеси биринчи жарым жылдыкта 7.5 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу маалымат кечээ, 28-июлда Мамлекеттик мүлк фондунун коллегиясында айтылганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алты айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор – 6.5 млрд сомго жакын, ал эми мамлекеттик ишканалар – 1 млрд сомдон ашык таза киреше алышкан.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү суммасы 1 млрд 869 млн сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, өткөн жылдын аягында мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жалпы таза кирешеси – 11 млрд сомдон ашык, ал эми мамлекеттик ишканалардыкы – 2 млрд сомдон ашкан болчу.

Ошондой эле  бүгүн, 29-июлда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров Айыл чарба министрлигине караштуу жыйырма бештей МИ чыгашалуу абалда экенин, буга байланыштуу айыл чарба тармагындагы чакан ишканаларды ирилештирүү программасы түзүлгөнүн, чыгашалуу ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү боюнча варианттар каралып жатканын билдирип, ага катар бир канча кирешелүү МИлердин атын атады.

“Кирешелүү компаниялардын катарына «Кыргызалтын» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК, «РСК Банк» ААК, «АйылБанк» ААК, «Кыргызнефтегаз» ААК жана башкалар кирди», – деди Бакиров.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Кыргызстанда жаңы мамлекеттик медиа бирикме — "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү мамлекеттик мекемеси түзүлүп, тийиштүү чечимге МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, токтом президенттин "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Бул чечим

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.