«Ямал» авиакомпаниясы Москвадан Ошко жаңы аба каттамын ачты
Москва шаарынан Ошко жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.
Москва – Ош – Москва багыты боюнча жаңы чартердик авиакаттамды россиялык «Ямал» авиакомпаниясы жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткара баштайт. Учуу убактысы – 5 саат.