Кумар оюндарын уюштуруу боюнча үч жобо бекитилип, жөнгө салуучу органдар дайындалды

Кумар оюндарын уюштуруу боюнча үч жобо бекитилип, жөнгө салуучу органдар дайындалды

1-августта минкаб башчысы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин N440 токтомуна кол коюп, ага ылайык кумар оюндарын уюштурууга байланыштуу үч жобо бекитилди. Бул тууралуу маалымат минкабдын 1-августтагы токтомунда жазылган.

Министрлер кабинети төмөнкү жоболорду бекитти:

  • Кумар оюндарын уюштурууну мамлекет тарабынан жөнгө салуу жөнүндө
  • Кумар оюндарын уюштурууну лицензиялоо жөнүндө
  • Кумар оюндарын уюштурган субъектилердин отчёт тапшыруусунун жана ачык маалымат көрсөтүшүнүн тартиби жөнүндө

Жапаров кол койгон токтомго ылайык, онлайн жана виртуалдык казинолорду кошпогондо, кумар оюндарын уюштурууну жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Госфиннадзор) дайындалды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы онлайн жана виртуалдык казинолордо кумар оюндарын уюштурууну жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы