2025-жылы «Кыргызнефтегаз» К-5 дизель майын чыгара башташы мүмкүн

2025-жылы «Кыргызнефтегаз» К-5 дизель майын чыгара башташы мүмкүн

2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААК К-5 дизель отунун чыгара башташы мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда, ишкананын 90 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымы боюнча, эгерде «Кыргыз Петролеум Компани» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКсы эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштайт. Натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.

Президент ошондой эле акыркы жылдары өлкөнүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ата мекендик ири компанияларда уланып, жакшы жылыштар болуп жатканын белгиледи.

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал. […] «Кыргызнефтегаз» мунай менен газды чалгындоодон баштап, өндүрүү, кайра иштетүү, алынган мунайзаттарын сатуу менен өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыган бирден бир ири мекеме», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы