Баткенде жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти - 15 жаштагы кыз каза болду

Баткенде жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти - 15 жаштагы кыз каза болду

Саат 15:00гө карата Баткен облусунун ооруканаларына 42 жарадар жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук бириккен ооруканасында 19 адам, Лейлектин жалпы медициналык борборунда 18 адам жатат, Лейлектен 5 адам Бишкектин ооруканаларына жеткирилген.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Улуттук госпиталдан нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, торакалдык хирургдар, фельдшердик кызматкерлерден турган үч бригада Баткенге учуп кеткен.

Достук айылынын 15 жаштагы Эльзада Малик кызы снаряд сыныктарынан жаракат алып, жолдо каза болгондугу айтылууда. Бул маалыматты 24.kg-ге жергиликтүү тургундар тастыкташты.

Алардын айтымында, Эльзада үй-бүлөсү менен тажик аскерлеринин аткылоосунан качып баратканда снаряддын сыныгы тийип, көп өтпөй алган жараатынан улам каза болгон. Анын сөөгү Маргун айылына жеткирилген.

Ошондой эле жергиликтүү элдин айтымында, аткылоонун натыйжасында Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөттөрүнүн бир нече тургуну жаракат алган.

«Жабыркагандардын арасында жаш балдар көп. Алар шок абалда. Азыр снаряд элди эвакуациялаган кичи автобуска тийгени белгилүү болду. Жабыркагандар эвакуация үчун даярдалган жайларга жеткирилип жатат», – дешти жергиликтүү тургундар.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы