Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашышты

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашышты

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча сүйлөштү, деп маалымдайт Медиаштаб.

Белгиленгендей, мамлекет башчы Рахмон менен Самаркандда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушту.

Эки тарап мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери ок атышууну токтотуу жана чек ара линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.

Минкаб төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов чек арада иш алып барышат, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле президенттер мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы