Садыр Жапаров Нью-Йоркто бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Садыр Жапаров Нью-Йоркто бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуунун алкагында бир нече өлкө лидерлери жана БУУ жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, Тажикстандын агрессиясын жана Тоолуу өлкөлөр фондун түзүү маселесин талкуулады.

Андан соң Түркиянын жана Швейцариянын мамлекет башчылары Реджеп Тайип Эрдоган жана Иньяцио Кассис менен эки жолугушуу өткөрүп, бардык багыттар боюнча кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулады.

Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуу учурунда өз ара кызматташууну кеңейтүү жөнүндө сөз болду. Ошондой эле акыркы окуяларды эске алып, эгерде зарыл болсо, эмир Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жетекчиси Аким Штайнер менен болгон жолугушууда экономика, азык-түлүк коопсуздугу, туруктуу өнүгүү, өзгөчө тоолуу аймактарды өнүктүрүү программалары жөнүндө сөз болуп, Штайнер жапа чеккен райондордогу социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал эми БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору (ФАО) Цюй Дунъюй менен жолугушууда президент айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуулардын көбүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялар талкууланып, Жапаров тажик тарап алдын ала өз аскерлерин кыргыз чек арасына топтоп, өзүнүн куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуп, Кыргызстандын аймагындагы чек аралык жана жарандык объектилерге, ошондой эле калктуу конуштарга чабуул жасаганын баса белгиледи.

Ал ошондой эле тажик тараптын кол салуусу карапайым калк жана аскер кызматкерлеринин арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскердик жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтирилгендигине токтолду.

Жетекчилердин баары каза болгон жарандар үчүн Жапаровго көңүл айтып, кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт эртерээк чечилсин деген үмүттөрүн билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы