Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат - Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат - Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Мобилизация жарыялангандан кийин россиялык паспорту бар мигранттарга Россиядан чыгып кеткиле деген кеңеш берилди. Кайрылууну мигранттардын укугун коргогон активист Валентина Чупик жарыялады.

Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун белгилеп айтты.

«Биринчиден, алар «өз ыктыяры менен аскер кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болушат. Экинчиден, согушка жараксыздар армиянын муктаждыктары үчүн бекер же жашоого жетишсиз айлыкка иштөөгө мажбур болушу мүмкүн», – деп жазган активист.

Ошондой эле Чупик мигранттар же өлүмгө түртүлөрүн, же кулга айланарын жана эртең кеч болуп калышын эскертти.


Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик Дума Россиянын Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Алардын арасында «Өз ыктыяры менен колго түшүп берүү» (352.1-берене, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу) жана «Каракчылык» (356.1-берене, 15 жылга чейин) статьялары бар. Ошондой эле аскердик жыйынга келбегендиги же аскерден качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу камтылган.

Эртеси күнү эле Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат жана аскердик кызматка биринчи кезекте запастагы, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар алынат.

Андан тышкары, Москвадагы “Сахарово” миграциялык борбору Россиянын армиясын мигранттар менен толуктамакчы. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги буга чейин Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышууларга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскерткен. Эгерде Кыргызстан жарандарына согуштук аракеттерге катышуу боюнча чакыруу түшсө, элчилик аларды дароо Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы