Чек арадагы абал туруктуу
Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 22-сентябрда саат 8:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди.
Түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.
Чек ара аймактарында жарылбаган снаряддарды, миналарды, ок-дарыларды жана башка жарылбай калган заттарды табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери уланууда.
Эки тараптын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан алып кетүү боюнча макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат.