Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Бишкекке авиабилеттердин баасы 110 миң сомдон ашып кетти

Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Бишкекке авиабилеттердин баасы 110 миң сомдон ашып кетти

Кечээ, 21-сентябрда, Россияда мобилизация жарыяланганы тууралуу кабар айтылгандан кийин Россиядан билеттердин баасы кескин кымбаттады. Economist.kg-нин редакциясы бул Кыргызстанга карай авиабилеттерге кандайча таасир эткенин текшерип көрдү.

Aviasales кызматынын маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата Москвадан Бишкекке түз эмес, башка шаар аркылуу авиабилеттердин (жол убактысы 24 сааттан ашык) эң арзанынын баасы 79 миң сомго жетип, ал эми эң тезинин (жолдо 10 саат) баасы 111 миң сомго жеткен.

Башка күндөр үчүн да абал жакшы эмес. Билеттер азайган, түз каттамдар дээрлик жок. Ал эми башка шаарлар аркылуу рейстерге баасы 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин бир-эки билет калган.

Билет издөө кызматындагы баалар улам өзгөрүп жатканын да белгилей кетүү керек. Баалар өйдө-ылдый секирип, кээде шумдуктуу санга чейин көтөрүлүп, кээде кайра 35-40 миңге чейин түшүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы