Ошко 5 миңден ашык баткендик жаран жайгашты

Ошко 5 миңден ашык баткендик жаран жайгашты

Ош шаарына Баткен облусунан келген жарандардын саны 5 миңден ашты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, расмий маалымат боюнча Баткен облусунан келген 2.6 миңге жакын адам убактылуу жайларга жайгаштырылган, алардын көбү аялдар жана жаш балдар.

Ал эми расмий эмес маалымат боюнча Баткенден келгендердин саны 5 миңден ашкан. Алардын жарымы жакындарыныкында жана туугандарыныкында жашап жатат.

Ошондой эле Ош шаарынын борбордук аянтында Ош мэриясынын борборлоштурулган штабы иштеп жатканын эскертилди. Бул жерде мэриянын кызматкерлери, активисттер, ыктыярчылар, медицина кызматкерлеринин бригадасы иштеп жатат, ошондой эле кичи автобустар жаңы келген жарандарды убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жеткирүүгө даяр.

«Убактылуу жайгаштыруу пункттарына күн сайын мэриянын тиешелүү жетекчилери жана кызматкерлери келип, психологдор, медицина кызматкерлери тиешелүү жардамдарды берип жатышат. Бул иш-чараларга шаардагы жогорку окуу жайлардын жетекчилиги, шаардагы бир катар мейманканалардын администрациялары олуттуу жардам көрсөтүп жатышат», – деп айтылат маалыматта.

Ош мэриясы жардам бергиси келгендердин баарын шаардык борбордук аянтта жайгашкан шаардык штабга кайрылууну суранат. Штаб саат 07:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы