Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 273 млн сомдон ашык акча түштү

Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 273 млн сомдон ашык акча түштү

Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен облусунун калкын колдоо үчүн атайын эсепке 273 млн 350 миң сом которулду. Мындай маалыматты бүгүн саат 10:00гө карата Финансы министрлиги берген.

Транзакциялардын саны 3184 которуудан ашкан. Абийирсиз жарандар тарабынан алдамчылыкка жол бербөө үчүн атайын эсеп ачылган.

Эгерде сиз да Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, анда Финансы министрлигинин атайын эсебине акча которсоңуз болот, ошондой эле зарыл болгон азык-түлүктөрдү сатып алуу үчүн, ошондой эле тургундарды эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майга акча чогулткан Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна акча жөнөтсөңүз болот.

Эгер сиз өзүңүз гуманитардык жардам көрсөткүңүз келсе, бул жерден керектүү нерселердин жаңыланган тизмесин таба аласыз. Гуманитардык жардам чогултуу пункттарынын даректерин бул жерден тапса болот.

Ошондой эле жабыркагандарга донордук кан керек. Даректерди жана байланыштарды бул жерден тапса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы